СУПЕРСТАН: "Эркектер - баарыбыз кыздыгы бар кыздарга үйлөнгүбүз келет..."

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Эркектер - баарыбыз кыздыгы бар кыздарга үйлөнгүбүз келет, анда кыздыгы жоктордун тагдыры эмне болот?" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөр:

"Кыздыгы бары деле, жогу деле күйөөгө тийип жатышат го. Кандай болсо да бактылуу болушсун".

"Кыздарды антип экиге бөлгөн болбойт. Балким, ошол кыздыгынын жоктугуна эркектер күнөөлүү болуп жүрбөсүн. Кылгылыкты кылып коюп "кыз" издеген анча-мынча ыйманы жок эркектер аман эле болушсун".

"Кыздыгы жок кыздар өздөрү күнөөлүү. Шок, шайтан жолунда жүргөн эркектер кичине жакшы сөз сүйлөп, комплимент айтып, куру убадаларды берип жатса деле эрип кетип, кыздыгын берип жатышат. Ага, албетте, өздөрү күнөөлүү, жеӊил ойлуу болбой, арканды узун ташташ керек. Никесиз бирөө менен жатуу зына экенин билишпейби, бүгүнкү жаштарда абийир, намыс, ыйман барбы, ата-энесинен тарбия көрбөгөндөй сезилет".

"Кээ бирөөлөр оюнда аруу-таза кыз алдым деп жүрүшөт. Кыздыгы жок кыздар жоошторго тийип кетишкени менен, түбөлүктүү жашап кетеби деген суроо туулат. Эртеси "элдин эркектериндей эмессиң" деген ачуусу аралаш сөздөрү менен ажырашып тынышпаса болду".

"Кыздар, эч качан эркектерге ишенбегиле. Мен эркек аттуулардын баарынын ою бузук дегенден алысмын, бирок алардын табияты ушундай. Биз аны түшүнө албайбыз. Келечектеги салынчу ак жоолугуӊарды булгабагыла, төрөлө элек балдарыңардын убалын ойлогула. Бул өтө олуттуу маселе, акыретибиз алыс эмес, ыйманга келели баарыбыз".

Талкууга кошулгуӊуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (33)
zheko
2016-09-10 14:05:50
Кыз болуш не актуально дешет азыркы кыздар, керек эркекти кармап алыш вот это актуально дешет, уйлонгонго чейин кыз корбогон бала билбейт кыз белгисин, ошого коп кыздар тиктирип алып эрге тийип жатышат, билбегендер алып жатышат.
+2
erlist
2016-09-10 14:12:00
Азыркы жашоодо кол тийбеген кыздар ото чанда так что гинеколого текшертип анан ал тиктирип албаптырбы кыздыгын же жокпу ошондо гана ишеничтуу болот
+4
Rifle_S
2016-09-10 18:46:39
Таза жүрсөн тазасы келет. Алып жаткан аялыңы текшертип жүрөт белең ? Эркек адам чечкиндүү болуш керек. Кыз болсо алам, болбосо жок дебей.
+4
erlist
2016-09-10 21:26:22
Эгер эркек кыздыгы жок катын алса аны омур бою унутпайт уруш талаш ошондон чыгат негизи
+3
mendiba
2016-09-10 14:39:48
Таза аяалдар таза экектер учун деген эркек канчалык тааза болсо алган аяалын ошоончолук таза болот Аллах таала айткан бузуку аяалдар бузуку эркектер учун бузуку эркектер бузуку аяалдар учун деп бул Аллахтын закону... Бир баяандан уккам
+8
gugu2727
2016-09-10 14:53:10
Не кыздыгын бышырып жейсинби
-18
Rifle_S
2016-09-10 18:45:34
Жок окшойт ээ ?
+3
Arslan12
2016-09-13 20:47:50
gugu2727,Жок бышырбайле жейбиз
0
Mervi
2016-09-10 15:27:23
Ата энеси чет жакта иштеп жатышса. Кой ай деген кожо жок, коп кыздар бузулуп жатат. Эркектин эки созуно эмнеге ээрип кетет? Ата энеси мээрим токпосо ээрийт да женил ойлуу болуп. Суйуу болсо, жылдызы келишип бирин бири сыйласа кыздыка карабайт болуш керек.
+6
aikokul14
2016-09-10 15:30:05
Кыздыкты сактап журуш ушунчалык кыйындай сезилет окшойт азыркы кыздарга,ойсондобой тууууз журсон эле эч ким сага тийбейт кокуй,кыздык маанилуу эмес дегендер оздору ыплас жургондор,нике тунго ак бойдон баруу деген озу аруулук,турмушту таза барактан баштоо деген.Таза бойдон барсан,биринчиден Кудайдын алдында,экинчиден жолдошундун алдында жузун жарык болот.
+9
senchi
2016-09-10 17:47:28
Кыздар макул болбосо эркектер тийишпейт.
+7
imanchik
2016-09-10 18:10:25
Эгер менде сезим болсо, кыздыгына карабайм
0
Rifle_S
2016-09-10 18:44:50
Үйлөнгөндөн кийин дос душман болот. Той тамаша болот. Ошондо кокусунан намысыңа сөз тийсе, сезимиңин чаңы чыгып кетет.
+1
Kuyoo_bala
2016-09-10 18:50:14
Менин темам экен.Аялым кыз чыкпай калган...Айла жок,Алла Таалам тагдырыма жазган экен насип кылып,жашап атам.Ичим ачышат,унутулгус арман болуп калды.Эркектерге айтарым,кыздарга тийбегиле.Ал да бироонун жары,таза абийири менен барышсын.
+4
zheko
2016-09-10 19:52:49
Kuyoo_bala,тагдыр болбойт, тагдырыны сен курасын. Ичин ачышса ажыраш, жашаба, себеби турмушунун келечеги жок, баары бир ажырашасын, озуну озун алдаба
+2
zheko
2016-09-10 20:10:37
Менин досум Сергей экинчи жолу уйлонгондо 29 жаштагы Жанна деген кызга уйлонгон , аяшым кыз чыккан, орус кызы.
+7
Kgz87
2016-09-11 00:42:49
Менда биринчи уйлонгондо кыз чыкпай калган мен ошол эле замат жан жал салып кетирип жибергем ачыгын айтканда кичине кызуурак болчум ошондогу кыздын мени карап ыйлаганы есимден кетпейт кийин бир тоопко масквага кетим беш жылдан кийин уйлондум азыркы айалым озумдон бип тооп кичуу жакшына эле жашап жатам азыр мен бирок окунбойм той кылганыма деле кетирип ийгениме ушул темаларды окуп жатып ошону эстеп кетим
-1
Frunze74
2016-09-17 00:22:10
Kgz87, кызды актабайм го бирок кеч болсо да катасын тушунуп окунуп ыйлаган экен, эч болбосо эл алдында уят кылбай эл козуно бираз жашамыш болуп анан кетирсен болмок экен. Кыз "кыз" болбосо да жалко болду... Женил ойлуу кыздар башын иштетип журсун да кийин окунуп ыйлабаш учун...
0
strelok
2016-09-11 01:40:30
Кыз болуп тийсен жузун жарык болот бетин жер карабайт ошондуктан кыздар намысынарды сактагыла.Эркектерге эч качан ишенбегиле никеге алмайынча,алданып калбагыла анткени эркектер бети жок (конечно баары эмес бети барлары да бардыр)
+4
adilbars
2016-09-11 10:29:15
Кыздык белги ыймандан! Анан ошол эле нерсе уй-булонун келечегин аныктайт. Омур бою бироонун аялы менен жашагандай сезимде жургондон коро суйсон да кыздыгы барга уйлонгонго аракет кыл. Кыздыгы жоктук экооно тен жузуно чиркоо болот. Башынан эле ойлонуш керек. Андан коро эки аял алууга уруксат берууну талкуулагыла. Учурдун актуалдуу маселеси ушул. Бугунку кундо зарылдык дагы бар. А экоо тен кыздык менен болуш керекпи деген уже башка маселе. Кимге кандай билбейм коп аялдуулукка жол берет окшойбуз го
+1
orbit89
2016-09-12 00:45:22
Кыз болуп тийген кыздардын деле жашоосу эмне болуп атканын коруп билип эле журобуз
-1
Kroxa
2016-09-12 09:49:25
Кээ бир кыздардыкы эркек тийбесе деле тубаса жок болот,,анан кууратып журбогуло кыз эмессин деп гнеколлогго текшерткиле ал иушундуруп берет кандай себептен жок экенин..
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан