Президенттин кызы Алия Шагиева күйөөсү тууралуу орусиялык ELLE басылмасына айтып берди

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева турмушка чыкканын жарыялап, социалдык тармактагы баракчасына сүрөттөрүн илген эле. Сүрөттүн төмөн жагына күйөөсүнүн атын жазгандыктан, анын улуту кыргыз эмес экенин дароо байкаган Кыргыз өлкөсүнүн интернет колдонуучулары катуу сынга алышкан. Шагиеванын бул тууралуу жана күйөөсү жөнүндө ELLE басылмасына берген маеги жарыяланды.

Алия Шагиева 27-августта турмушка чыккан. Үйлөнүү тойду жаштар Бишкектеги ресторандардын биринде өткөрүшкөн. Жубайлар чоң тойдун ордуна 30 адамдын гана курчоосунда кичинекей той өткөрүшкөн. Ага чакырылгандардын арасында экөөнүн достору, кесиптештери жана туугандары болгон. Алардан тышкары Алия өзүнүн фортепианодон берген мугалимин чакырганы белгилүү болду.

"Жаш жубайлар үйлөнүү тоюн дал ушундай тынч белгилөөнү кыялданышкан. Алар консервативдүү каада-салттардан баш тартып, заманбап Европанын стилинде өткөрүүнү чечишкен. Баары кооз, ашыкча чыгымы жок өткөн. Робби Уильямстай чакырылган жылдыздар, журналисттер болгон эмес. Алия арты ачык, узундугу тизесине чейин болгон көйнөк кийген. Алия турмушка үй-бүлөсүнүн макулдугу менен чыккан. Жигити 2 ай мурун ага үйлөнүү сунушун айтканда, экөөнүн тең ата-энелери, анын ичинде кыздын чоң кызматтагы атасы дагы бул кабарды сүйүнүү менен кабыл алган", - деп жазган басылма.

"Аябай жакшы кабыл алышкан. Менин ата-энем Костяны эки жылдан бери тааныйт жана жакшы көрүшөт", - деп билдирген президенттин кызы.

Кыргыз лидеринин күйөө баласы 1992-жылы Бишкекте туулган. Константин кесиби боюнча программист. Алия менен интернеттен 4 жыл мурун, 20 жашында таанышкан, Алия 15те болгону маалым болду.

"Ал кезде мен башка ат менен блогдорду жазчумун. Ал ар кандай оорчулуктарга туш болгон кадимки өспүрүм кыздын күндөлүгү болчу. Бир күнү ал комментарийлерге "Бейпил түн, баары жакшы болот!" деп жазып коюптур", - дейт Шагиева.

Алардын достугу ошондон башталып, сүйүүгө өсүп, романтикалуу мамилелерге өткөн. "Ал мага караганда акылдуу жана камкор. Акыл түзүлүшү математикага жакын болсо да, Костя чыгармачыл адам. Экөөбүз тең жаратылышты, капчыгайларга саякаттоону жакшы көрөбүз", - деген Алия.

"Константин Алиянын чыныгы фамилиясын таанышкандан кийин 1,5 жыл өткөндө гана билген. Аны жакшы көрүп калуу үчүн ага болгону Алиянын интернеттеги ниги жетиштүү болгон", - дейт басылма.

Ал эми бул үйлөнүү тойго терс мамиле кылгандар тууралуу Шагиева төмөнкүлөргө токтолгон:

"Мындай улутчулдук көпчүлүктүн маданий ой жүгүртүүсүнүн төмөндүгүнөн болуп жатат деп ойлойм. Тилекке каршы, караңгы адамдын көз карашы менен жашаган адамдар бизде дагы деле көп, бирок адекваттуу адамдар андан көп".

"Балким, өлкө башчынын кызына элдин талаптары жогору чыгар? Алия андай деле болушу мүмкүн экенин билдирди", - деп жазат басылма.

"Мен бул сүрөттөрдү жарыялаганыма кубанычтамын. Анткени социалдык басым болуп жаткан биздин көп кыздарыбыз үчүн алар күч берип, жашоосуна чечкиндүү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө түрткү болот", - деген Шагиева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (52)
Kanzada97
2016-09-09 22:50:55
Ошондо Алия 97-жылкы экен да
0
nazira1989
2016-09-09 22:53:05
Улгу болуу учун башка да толтура жумуштар,кылык-жоруктар бар да "кыз"!...
0
Solanum
2016-09-09 23:16:31
Улгу болоорлук жумуштарды кылып келип жатат менин билишимче. :озу тарткан суротторун сатып жетим балдарга жардам берсе керек эле. Башкысы бактылуу болсун. Суйуп калсан улуту байбы-кедейби,кыргыз-орус айырмасы жок.
+6
ERCHOROEV
2016-09-10 02:48:10
Solanum, никеси жок жащоо бул зынаа болот кааласакта каалабасакта эртеге олобуз сиз бизди жараткандын алдында эмне деп жооп беребиз
+2
Aselya_9105
2016-09-09 23:24:20
Чын жүрөктөн бакыт тилейм.
+1
Emil0211
2016-09-10 00:20:58

Атамбаевдин тарбиясын кордук.........
+4
ERCHOROEV
2016-09-10 02:50:12
Emil0211, созуно бали кошулам. Бир кызын тарбиялай албаган ата билбейм кандай ата.
+5
ERCHOROEV
2016-09-10 02:48:59
Aselya_9105,100000000бакыт тилесен да зынаа жашоо эч качан бакыт болбойт унутпай жур эртеге кудайга кантип жооп берет экен
+2
adilbars
2016-09-10 00:09:55
Кайран элим, кайда баратабыз!
-3
Nora
2016-09-10 02:17:21
Bakyt kaalaim!
+1
asadillaevna
2016-09-10 03:09:01
Ислам дининде айтылат каапырга уйлонуп же турмушка чыккан болсон жети атана чейин кабырда куйушот деп, эгерде ислам динди кабыл алдыртсан анда чон сооп болот деп......
+2
KAPAGAT
2016-09-10 08:56:23
asadillaevna,Атамбаев бир кездерде беш убак намаз окуйм деп журду беле адашпасам?
+2
aa93
2016-09-10 09:12:56
asadillaevna,Туура айтасын. Бирок ал озу мусулман бекен? Азыр кыргыздарда деле христиандар коп. Адашкандар...
+3
suban78
2016-09-10 07:27:30
Ээ ар ким ар нерсе айта берет. Бактылуу болсонор болду да. Дагы эл айтып жатат деп урушуп журбогуло куйоон экоон. Эл эмне айта берет, эртен ажырашып кетсен дагы айтат. Андан коро бактылуу жашап, жакшы, ыймандуу балдарды тарбиялап остургуло. Жаман создорду жазгандардын турмушу деле жыргап кетпегендир. Бирооду сындаганды, жамандаганды Алла таалам тыюу салган. Бактылуу адам бироо жонундо жаман соз айтпайт, жамандык каалабайт эч качан. Кербенинерди жургузо бергиле, Кудай бак берсин, бактылуу болгула
+4
Shat.88
2016-09-10 16:01:24
suban78,ошо да эл оозунда элек жок, айта беришет, кыргызга тийсе деле айтып чыгыщмак эмнеге ак койнок кыска кийди, кыргыз го шокуло кийбейби деп, адамдар ар дайым жаман жагын эле клро беребиз жакшы жагын айтпайбыз
+2
kaidiger
2016-09-10 10:14:58
Турциянын президенти Эрдоган кызына той берди элего 2000 адам чакырып канча миллион доллар кетирип ошентип той берген жокко кудайга шугур ит уро берет караван кете берет демекчи ага сынтакпай андан кору жакабызды карманып озубузго бакыт тилейли
+2
bekhaliev
2016-09-10 11:50:08
Бул кыз жакпады нормалду кыз болгондо эчкимге унчукпай тиет эле,элге жарыя кылбай,
-2
sabyr86
2016-09-10 12:11:38
Азамат кыз экен,эс акылы жок кыз болгондо атам президент болсо мындай той өткөрүшүм керек деп кыргызстанды дүңгүрөтмөк.чын дилимден бакыт кааладым,бактылуу бол.
+6
Bekbolotovich
2016-09-10 20:14:40
Мен алам деп жургом. Эми кеч:-(. Кош бол суйуум.
+3
mirbek99
2016-09-11 00:51:48
мага чын журоктон баарибир дейин десем атасынын созу эске келет да
+2
AKCAHAT
2016-09-11 08:20:39
Кыргыздарды ни чем не угодиш илибой нерседен шыйрак кыр чыгара беребиз. Ошондой экен бактылуу болгула! Расул кызыдай иподромдо той откоруп, чечендердей алтынга болонуп ,турктордой дуйно жылдыздардын топтоп алса да колунардан эмне келмек эле.30 адамдык тойду кыргызда кедейдин кедейи дагы жасабайт.Туулган кунун да 30 адам мн откорушпойт. Силер эмнени каалайсынар озу?Сындап аткандар баштап озунорду кузгудон карап мен киммин бул жашоодо эмнеге жетиштим? Максатым эмне деп озунорду деле сындап алгыла.
+3
suban78
2016-09-11 20:03:18
AKCAHAT, азамат. Рукам, ногами ЗА красавица. Коккуй паланча ушинтип айтып кеткен эле, значить ушундай болуш керек дегендерге достойный жооп бооду. ХХХ ХХХ ХХХ
+3
admin_portal
2016-09-12 10:41:28
suban78, кимдир-бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болуңуз!
0
Shat.88
2016-09-12 00:25:09
AKCAHAT,азамат 100%кошулам
+2
Federica
2016-09-13 05:08:06
AKCAHAT,молодец Сонун жооп болдуго баарына
+1
limuna
2016-09-11 16:50:38
Бактылуу бол Алия!!!!!!!
+2
bakytbek0101
2016-09-12 03:57:47
Айланайындар Бактылуу болгула, кармашкан колунар эч качан ажырабасын!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан