Бүгүн, 10-сентябрда кыргыз шоу дүйнөсүндөгү белгилүү ырчы Нурлан Насип 26 жашын белгилеп жатат. Ырчыны өздүк майрамы менен куттуктап, туулган күндү кандай белгилеп жатканын билүү үчүн байланышка чыктык.
"Куттуктаганыңыздар үчүн рахмат! Туулган күн түнкү саат 12ден өткөндөн кийин эле башталган. Досторум үйгө келип куттукташты. Андан соң шаар кыдырып, көңүлдүү эс алдык. Ата-энем, бир туугандарым, жакын досторум, күйөрмандарым куттуктап жатышат. Бүгүн кечинде шаардагы
караоке-клубдардын биринде досторум менен өздүк майрамды белгилөөнү улантам", - деп билдирди Нурлан Насип.
10-сентябрга карата жылнаама...