Бүгүн, 10-сентябрда ырчы Динара Акулова 52 жашын белгилеп жатат. Өздүк майрамы менен куттуктап байланышка чыкканыбызда, куттуктоолор үчүн ыраазычылыгын билдирип, кызуу иштеп жатканын айтты.
"Жакшы каалоо-тилектериңиз үчүн ыраазычылык билдирем. Майрамдык маанай эң сонун. Кийинки жумада өтө турган концертиме даярданып жатам. Андыктан азыр эч нерсеге карабай кызуу иштеп жаткан кезим. Буюрса, жеке концертимди өткөрүп алган соң баарын кошуп бир майрамдайбыз", - дейт Д.Акулова.
10-сентябрдын жылнаамасы.