Бүгүн, 12-сентябрда Курман айт майрамы белгиленип жатат. Борбор калаада Курман айт намазы адаттагыдай эски аянтта окулууда. Буга байланыштуу Тыныстанов-Чүй кең көчөсү жана Панфилов-Фрунзе көчөлөрү менен чектелген аймакта унаалардын жүрүшүнө чектөө киргизилген. Кыргыз өлкөсү боюнча бүгүнкү күн дем алыш деп жарыяланган.
Айт намазга өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков, Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, муфтий Максат ажы Токтомушев, депутат Дастан Бекешев жана башка саясий, коомдук ишмерлер келишти.
Учурда эски аянтта Бишкек шаарынын Патрулдук милиция башкармалыгы, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети шаар тургундарынын коопсуздугун камсыздоодо. "Тез жардам" кызматкерлери жана Өрт өчүрүү кызматы ар кандай кырсыктардын алдын алуу максатында эски аянтка чакырылышкан.
Жумуш күнү болбогонуна карабай намаз аяктаган соң чоң жолдордо унаа тыгыны пайда болду. Ошондой эле кайыр сурагандарды, алма тараткандарды жолуктурдук.