Коомдук тамактануу жайларында кальян жана тамеки тартууга тыюу салууга жана тамеки заттарынын бааларын жөнгө салууга багытталган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Демилгечи - Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев.
Анын айтымында, кальян тартуу жана анын адамдын организмине таасири тамеки тартуу зыянынан анча деле айырмаланбайт. "Албетте, кальяндын жагымдуу даамы жана жыты бар, анткени ага кургак чөптөрдүн жана жер-жемиштердин майда жалбырактары сөзсүз түрдө кошулат. Бирок тамеки баары бир тамеки бойдон кала берет. Ошондуктан кальянга көнүп алган, бирок тамеки тартпаган адамдар бат эле тамеки тартууга өтүп кетишери анык. Мындан тышкары кальян тартуунун өзүнүн өзгөчөлүгү ден соолукту тез буза тургандыгы менен да айырмаланат. Тамактануу жайларынын кызматкерлери аргасыздан пассивдүү тамеки тартуучу болуп саналат жана ден соолуктарынын тикелей бузулушуна алып келет", - дейт депутат. Мындан улам Бекешев ашканаларда, кафелерде, ресторандарда кальян жана тамеки тартууга тыюу салуу зарыл экенин белгилейт. Ал эми тамеки тартуу үчүн тамактануу жайларында атайын бөлмөлөр каралышы керек экенин айтат депутат.