Кечээ, 11-сентябрда Кыргыз Республикасынын №20636-аскер бөлүгүнө Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттер арасында өтүүчү "Тынч миссия-2016" аскердик машыгууларына Орусиянын аскердик контингенти келди. Бул тууралуу Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын басма сөз кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, аталган машыгуулар 15-21-сентябрь күндөрү "Эдельвейс" аскердик полигонунда өтмөкчү. Ага Кыргыз Республикасынын, Орусиянын, Кытайдын, Казакстандын, Тажикстандын аскерлери катышары белгилүү.
Кытай, Тажикстан, Казакстандын аскердик техникалары 13-14-сентябрларда келишери маалым болду.
Иш-чаранын максаты - террорго каршы миссияларды биргеликте жүргүзүүгө даярдоо. Машыгуулардын жүрүшүндө аскерлерди тоолуу аймактарда атайын операцияларды алып барууга үйрөтүшөт.