SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Рамзан Кадыров Олимпиадага барып келген спортчулардын баарына унаа белек кылды" деген аталыштагы видео жүктөлдү (ник: Zor_go).
Чечен Республикасынын Орусия курама командасына кирген 6 спортчусуна аталган республиканын өлкө башчысы Рамзан Кадыров 3-сентябрь күнү Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаалардын ачкычтарын тапшырган. Алардын төртөө: Адлан Абдурашидов, Ислам-Бека Альбиев, Ислам Магомедов, Анзор Болтукаев Олимпиада оюндарына катышкан. Ал эми оор атлетчилер Апти Аухадов, Адам Малигов Бүткүл дүйнөлүк допингге каршы уюмдун чечими менен Бразилияга бара алышкан эмес. Ошондой эле Румыния өлкөсүнүн атынан чыккан Альберт Саритовго да унаа тапшырылган.
"Биздин жигиттер Олимпиада оюндарына аябай даярданышып, жеңишке жете алышкан жок. Ошентсе да алар биз үчүн жеңүүчүлөр болуп саналышат. Жигиттер өлкөдөгү эң күчтүү спортчулардын катарына кирип, төрт жылда бир өтчү оюндарга жолдомо алышкан. Алар көп улуттуу Орусия өлкөсүнүн намысын татыктуу коргошту", - деп билдирген Рамзан Кадыров.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.