Кытайда эң жогорку бийиктикте жайгашкан көпүрөнүн курулушу аяктады

Кытайдын түштүк-чыгышындагы Гуйчжоу аймагында дүйнөдөгү эң жогорку бийиктиктеги көпүрөнүн курулушу аяктады. Бул тууралуу CCTV телеканалына шилтеме берүү менен "РИА Новости" басылмасы бүгүн, 12-сентябрда жазып чыкты.

Бэйпаньцзян өрөөнүндөгү ушундай эле аталыштагы көпүрө болжол менен 570 метр бийиктикте жайгашып, кытайлыктардын айтымында, бул көрсөткүч боюнча рекорд койду.

"Узундугу 1341 метр болгон көпүрөнүн курулушу 2013-жылы башталып, 1 миллиард юанга (болжол менен 10 миллиард сом) салынды", - дейт "Синьхуа" агенттиги.

Көпүрө Чжэцязн аймагындагы Ханчжоу шаарын Юньнань аймагындагы Жуйли шаары менен кошуп турган жогорку ылдамдыктагы жолдун бир бөлүгү. Кытайдын жогорку бийиктикте жайгашкан 10 көпүрөсүнүн жетөөсү дал ушул тоолуу жерде жайгашкан Гуйчжоу аймагында.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
KyrgyzKagan
2016-09-12 09:17:45
Эх кытай кытай биздикилер 1млрд сомго бийиктиги торт метр узуну 200метр копуро салыштыго
+20
Revolyutsiya
2016-09-12 10:03:47
KyrgyzKagan, анысы да сапатсыз, жыл айланбай ремонт журуп жатат де... Кытайлар 100 жылдык копуро курса, Оштогу копуро 10 жылга жетеби бир Кудай билет...
+3
djigit90
2016-09-12 10:48:53
Revolyutsiya,10жылга жетсе рекорд коетко. 1жылда эки жолу РЕМОНТ
+3
zamir-bek
2016-09-12 16:19:37
Суроту болсо жакшы болмок экен.
0
talant87
2016-09-12 17:54:14
тубу туман экенда э суротто
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан