Бишкекте Курман айт намазын окуу учурунда "Тез жардам" кызматына кайрылгандар болгон эмес

Бишкек шаарында Курман айт намазы учурунда көзөмөлдө турган "Тез жардам" кызматына кайрылгандар болгон эмес. Бул тууралуу бүгүн, 12-сентябрда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык "Тез жардам" кызматынын башкы дарыгери Айнагүл Алымкулова билдирди.

"Бишкек шаарында Курман айт намазын окуу учурунда өзүн жаман сезип "Тез жардам" кызматын чакыргандар болгон жок. Аянтка чогулуп намаз окугандардын саламаттыгын көзөмөлдөө максатында 5 "Тез жардам" унаасы нөөмөттө турду. Алар таңкы саат 06:00дөн 09:00гө чейин эл таркап кеткенче турушту", - деп билдирди Алымкулова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Medina87
2016-09-12 12:25:23
Кудай сактасын!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан