10-сентябрда Мексиканын Керетаро шаарында 40 миңдей адам чогулуп, узундугу 3-4 чакырым болгон жүрүш өткөрүштү. Бул тууралуу "Ройтерс" басылмасы жазып чыккан.
Жүрүшкө Мексиканын президенти Пенья Ньетонун бир жыныстуу никени мыйзамдаштыруу сунушуна каршы болгондор чыгышкан. Иш-чараны Улуттук үй-бүлөлүк баалуулуктарды коргоо фронту, коомдук жарандык уюмдардын коалициясы жана ар кандай диний топтор уюштурушкан. Алгач жүрүшкө 5 миң гана адам катышмак.
"Бул сунуш керетаролуктарды үй-бүлөлүк баалуулуктарын коргоо үчүн ойготту, мындай көрүнүш буга чейин болгон эмес. Биздин топ бир жыныстуу никеге каршылардын 100 миңден ашуун кол жазмасын чогултту", - деген Улуттук үй-бүлөлүк баалуулуктарды коргоо фронтунун өкүлү Хосе Алькантара.
Белгилей кетсек, бир жыныстуу никеге Мексиканын борбору Мехикодо жана дагы башка бир нече штаттарында уруксат берилген. Пена Ньето Конституцияны өзгөртүп, никенин бул түрүнө өлкө боюнча уруксат берүүнү сунуштаган.