АКШнын президенттигине талапкер Хиллари Клинтондун ден соолугу АКШ коомчулугунун көңүл чордонунда болуп, кызуу талкууга алынууда. 8-августта анын бутуна араң туруп турганы жана эки адам жөлөп үйгө киргизип баратканы интернетке жарыяланган эле. 11-сентябрда да Нью-Йорк шаарында 15 жыл мурун болгон терактта курман болгондорду эскерүү иш-чарасында ал өзүн жаман сезип, жан сакчыларынын жардамы менен унаага жеткирилгени интернетке тарады.
Клинтондун жеке дарыгери Лиза Бэрдактын айтымында, 9-сентябрда жүргүзүлгөн медициналык текшерүүнүн жыйынтыгында президенттикке талапкердин өпкө оорусу (пневмония) менен ооруганы аныкталган. Мындан улам Клинтонго иштөө тартибин өзгөртүү жана эс алуу сунушу берилген.
Айта кетсек, АКШда президенттик шайлоо 2016-жылдын 8-ноябрында өтөт. Анда эки талапкер ат салышат. Алар: Республикалык партиянын атынан чыккан Дональд Трамп жана Демократиялык партиянын атынан чыккан Хиллари Клинтон. Учурдагы президент Барак Обама 2008-жылы президенттик шайлоого Демократиялык партиянын атынан чыгып, жеңишке жеткен. 2012-жылы ал президенттикке кайра шайланган.