Адам баласы башына кандай кайгы түшпөсүн, баарын жеңип чыгууга болорун жана эркинин күчтүүлүгүн 19 жаштагы индиялык модель Решма Кереши көрсөтө алган. Ал өткөн жумада Нью-Йорк шаарында старт алган мода жумалыгында подиумга чыгып, кыска убакытта социалдык тармактарда белгилүү болуп, жылдызга айланды. Анын жүзүнө 17 жашында кислота чачып жиберишкен. Ушул каргашалуу окуядан соң анын көзү көрбөй калган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Көрүүчүлөрдүн кол чабуусунда Кереши дизайнер Арчана Кочхардын колунан чыккан узун көйнөк кийип подиумга чыккан. Өзүнүн бул чыгуусу менен жаш модель элдин көңүлүн дүйнөнүн ар кайсы жеринде сатылган кислота сатуу көйгөйүнө бурууну каалаган.
"Бул көрсөтүү мен үчүн абдан маанилүү, себеби мага окшогон кыздар аябай көп. Мен аларга дем бергим келет. Ошондой эле адамдын сырткы көрүнүшүнө карап баа берүү туура эмес экенин элге жеткиргим келет", - деп билдирген модель.
Мындан 2 жыл мурун Решманын эжеси күйөөсүнүн зомбулугуна чыдабай үйүнөн кетип калган. Күйөөсү аялынан өч алуу үчүн досторун ээрчитип барган учурда эжесин коргоо максатында Решма ортого түшө калат. Ошондо эркектер экөөнө тең кислота чачып жиберишет. Учурда Кереши кислота чабуулунан жабыркагандарды коргогон "Make Love Not Scars" уюму менен кызматташат.