ЖЫЛНААМА, 12-СЕНТЯБРЬ: Мындан 22 жыл мурун ырчы жана обончу Рыспай Абдыкадыров көз жумган

Мындан 22 жыл мурун ырчы жана обончу Рыспай Абдыкадыров көпкө созулган оорунун айынан көз жумган. Көз жумганына сегиз күн болгонунда гана ырчынын эмгеги бааланып, 1994-жылы 20-сентябрда "Эл агартуунун отличниги" деген наам берилген. Ошол эле жылдын ноябрь айында Ош филармониясындагы Кара-Кулжа музыкалык окуу жайына ысымы ыйгарылган. 1997-жылы 12-январда Сулайман-Тоодогу ырчынын бейитине эстелик коюлуп, андан соң ырчынын Ош филармониясынын алдында эстелиги ачылып, коомдук фонд уюштурулган. Рыспай Абдыкадыровго "Кыргыз Республикасынын Эл артисти" наамы тирүү кезинде берилбей калган.

Рыспай Абдыкадыров 1941-жылы 12-январда Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Кызыл-Булак айылында туулган. Бала кезинен музыкага шыктуу Рыспай Абдыкадыров 1963-жылы Ош педагогикалык факультетин бүтүргөн.
Кыргыз музыка дүйнөсүндө чоң из калтырган атактуу обончу, аткаруучу Рыспай Абдыкадыров "Алмашым", "Түгөйүм", "Сагынуу", "Издейм сени", "Алтынчы күнү кечинде", "Жүрөктү кетпе жаралап" деген ырлары менен калың элдин катмарына сиңип, улуу-кичүүнүн жүрөгүнөн орун алган. Ал 360 чамалуу обон жаратып, чыгармалардын 126сы калк арасына тарап, айрым обондор кыргыз музыкасынын Алтын фондуна алынган.
Обончу 3 жолу үйлөнгөн. Экинчи жубайы менен ажырашып, өз бакытын, кыялдарын издеп жүрүп жазган белгилүү "Издейм сени" ыры көптөгөн сулуулардын жүрөгүнөн түнөк тапкан. Ошондой күндөрдүн биринде Рыспай Абдыкадыров күйөрмандарынан арасынан өз бакытын - Давлет аттуу сулууну жолуктурган. Ортолорундагы жаш айырмачылыктарга карабай жаш сулуу ырчынын үйлөнүү сунушун кабыл алган. Эки жашты көрө албагандар түрдүү ушактарды чыгарышып, экөөнүн мамилесин бузууга аракет кылышкан. Бирок Давлет сулуу алардын бирине да көңүл бурбай, жолдошун ар тараптан колдоп турганы маалыматтарда айтылат. Көп өтпөй алар кыздуу болушат. Өмүрүнүн баарын Рыспай Абдыкадыровго арнаган Давлет айым 2003-жылы күйөөсүнө арналган музей ачуу кыялын орундата албай дүйнөдөн өткөн.
12-сентябрдын жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан