АКШнын кийинки президенти ким болорун божомолдоолор башталды

Американын кийинки президенти ким болорун божомолдоо кыйын болуп жатканын дүйнөлүк маалымат булактары жазышууда. Себеби Республикалык партиядан талапкер Дональд Трамп жана Демократиялык партиядан Хиллари Клинтондун ортосундагы аралык анча чоң эмес.

Ошентип, "Washington Post" гезити жана ABC телеканалынын социалдык сурамжылоосунун негизинде, Клинтонду сурамжылоого катышкандардын 46 пайызы колдосо, Трамп 41 пайыз колдоого ээ болгон. Негизинен, көпчүлүк маалымат каражаттарынын баамында, Трамп Клинтонго татыктуу атаандаш боло алды.

Орусиянын РТР каналынын “Жекшемби кабары” аналитикалык программасында: “Трампка кол салуу болушу мүмкүн, бул америкалыктар үчүн жаңы нерсе эмес. Американын тарыхында 4 президент өлтүрүлүп, көптөгөн кол салуулар болгон. Ал эми президенттикке талапкер дагы мындай окуядан куру жалак эмес. Ошондой эле Трамптын Орусияга болгон жан тартуусу Американын күч түзүмдөрүнө жакпай турганы анык”, - деп айтылды.

Ал эми Беларусь президенти Александр Лукашенко: “Менин оюмча, Хиллари кыйын болсо дагы, АКШ аял президентке даяр эмес”, - деп билдирди жергиликтүү ММКларга.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Ayida
2016-09-12 13:07:01
Азыркы президенти кайра неге озу болбойт? Биздикилерге окшоп аракет кылбайбы?
-3
Zaina
2016-09-12 14:56:06
Ayida, вмериканын закону боюнча президент учунчу
Ирет шайланганга укугу жок
+4
omu
2016-09-12 15:12:11
Zaina,Анда конституцияны озгортсун!!!
Башкалар кылганды, Америка кылалбай калыптырбы?
-4
abusait
2016-09-12 15:17:36
omu, Аларда конституция биздегидей оюнчук эмес . мыйзам сактоону близ алардан уйронушубуз керек.
+2
Tyga
2016-09-12 15:20:29
omu,Кыргызстан дейсинби ар шылтону айтып озгорто бергидей,ал деген Америка ал жакта тартип кучту милициясы 1 жолу гана айтат колунду котор деп которбосон тоголото атым салат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан