Москвадагы өрттөн каза болгон кыздар Орусиянын аймагында мыйзамдуу иштеп жатышкан

9-сентябрда Москвада Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлү, Орусиянын Эмгек жана социалдык коргоо, "Роструд" жана Орусиянын Ички иштер министрлигинин өкүлдөрүнүн ортосунда эки тараптуу сүйлөшүүлөр болуп өттү. Жолугушуу учурунда тараптар 27-август күнү Алтуфьев шоссесинде жайгашкан басмаканада болгон өрт тууралуу сүйлөшүп, иликтөө иштери менен таанышып, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жабыр акы төлөө мүмкүндүгүн талкуулашты. Ошону менен бирге каза болгон Кыргыз өлкөсүнүн жарандарынын Орусия аймагында мыйзамсыз иштеп жүргөндүгү тууралуу маалымат чындыкка дал келбесин билдиришти. Себеби ЕАЭБдин алкагында Кыргыз Республикасынын жарандары Орусиянын аймагында патентсиз иштөөгө укуктуу деп айтылды.

Эске салсак, Москвада өрттөнгөн басмакананын башкы директору Сергей Москвин каза болгон Кыргыз өлкөсүнүн жарандары ишканада мыйзамсыз иштешкенин моюнга алып, бул тууралуу анын адвокаты Елена Звездинага таянып "Интерфакс" маалымат агенттиги жазып чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aseras
2016-09-12 14:07:22
Дагы бир жерин чукуп таап чыгат.патент болбосо башкасы деп((мыйзамсыз иштеткен куноо ишкананын директорунда.
-2
meerimma84
2016-09-12 14:55:16
ишчилерде не айып олуп калганы аз келгенсип куноолуу да болуш ккпи не? ушулардын устунон акча жеп жатканды таап жоопко тартсын. Жооп берчу адам тируу.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан