10-сентябрда Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда SUPER.KG порталынын кубогу үчүн таймаш өтүп, анда "Универсал" командасы биринчи орунду алган эле. Бул күнү калыстар тобунун катарында II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы көк бөрү оюнунда өзгөчөлөнгөн белгилүү улакчы, "Мыкты чабуулчу" наамын алган Манас Ниязов да болду. Интернет ааламында анын ден соолугуна залал келерине карабай өжөрлөнүп, тай казанга улакты секирип таштап салган кадрлар популярдуу болууда.
Манас Ниязов Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Дөң-Булак айылында туулган. 23 жашта, 6 жылдан бери көк бөрү ойнойт. Ал Көчмөндөр оюндарындагы кызыктар, жеңиштери тууралуу SUPER.KG порталына кыскача маек курду.
"Көчмөндөр оюндарындагы эң кызыктуу учур казактар менен беттеш болду. Бул оюнду баарыбыз күткөн элек, катуу даярданганбыз. Абдан кызыктуу оюн болду, жеңишке жетиштик. Кыргыздын намысы үчүн деп тай казанга да секирип жаттык. Уткандан соң баарыбыз кубандык, толкундандык. Эл да аябай ыраазычылыгын билдирип жатты", - дейт Манас Ниязов.
2013-жылы 10-15-сентябрь күндөрү Казакстандын Астана шаарында өткөн көк бөрү боюнча Азия чемпиондугундагы финалдык беттеште кыргыздар менен казактар оюн ойноп, казактар жеңишке жетишишкен. Кийин көк бөрү оюнунда казак оюнчулары кыргыздарга карата орой мамиле жасап, жеңишке жетишкени социалдык тармактарда бир топ талкууга алынган. Ал эми үч жылдан соң кайра финалда кез келишти. Андыктан "өткөн оюндар үчүн казактардан өч алгыла" дегендер да болгон. Бул тууралуу улакчы буларга токтолду:
"Биз көк бөрү оюнун өнүктүрүү максатында казактар менен беттеште аларга карата эч кандай орой мамиле жасаган жокпуз, абдан жакшы мамиле кылып жаттык. "Таш менен урганды аш менен ур" дегендей, мурунку оюндарын эстеп өздөрү уят болуп калышсын деп уруп-сөккөн жокпуз. Жеңилүүдөн кийин кандай абалда калышты билбейм, себеби оюндан кийин көрүшкөн жокпуз.
Көк бөрү оюнунда жалпы 3,5 миллион сом утуп алдык. Азырынча сыйлыктарды ала элекпиз. Ал эми мен "Мыкты чабуулчу" наамын алып, 100 миң сом сыйлыкка ээ болдум".
Келечектеги пландары, тай казанга секирген "трюктары" тууралуу буларга токтолду:
"Тай казанга секирүү адат болуп калган. Кыргыз-казак оюнунда тай казанга секирип түшүп, бактыга жараша, жаракат алган жокмун. Секирбесем түшпөй калышы мүмкүн эле. Кыргыз элинин намысы, жеңиши үчүн секириш керек болду. Ат жайдак калды. Эч кайда качкан жок, мени күтүп турду. Аттын тили эле жок, болбосо акылдуу, адамды тебелебейт. Кырсык болбой эле койсун, бирок оюнда ден соолугума залал келтирген учурлар болгон эмес. Алдыда дагы казактар менен беттеш бар, андыктан утулуп калбоо үчүн кызуу даярданабыз".