Жалал-Абад ОИИБи экстремисттик агымдардын азгырыктарынан оолак болууга чакырды
Жалал-Абад облустук милициясы Жаштар коому менен биргеликте Курман айт майрамында курмандыкка мал союп, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, балдар үйлөрүнө жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын үй-бүлөлөрүнө эт таратты. Бул тууралуу бүгүн, 12-сентябрда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мындай иш-чара облустун Жалал-Абад шаарын, Базар-Коргон, Сузак, Ноокен райондорун камтыды. Кайрымдуулук иш-чарасында жалпысынан 300 үй-бүлөгө жардам берилген.
"Курман айт майрамынын урматына Жалал-Абад ОИИБи курмандыкка мал союп, дин өкүлдөрү, Жаштар коому менен биргеликте кайрымдуулук иш-чарасын өткөрдү. Мындан сырткары дин өкүлдөрү салттуу ислам динин жаштарга жайылтууну колго алышты. Ал эми милиция экстремисттик агымдардын азгырыктарынан оолак болуу максатында элге тарбиялык чакырыктарды жасады", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Автор: Акназар СулайманкуловФото: Жалал-Абад ОИИБи