СУПЕРСТАН: "Апамдын катылган момпосуйларын уурдап жечүбүз"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кичинекейиңизде үйдөн момпосуй уурдап жечү белеңиз?" деген тема талкууга алынууда.

Теманы ачкан колдонуучунун билдирүүсү:

"Негизи, биз конфеттерди өтө көп деле жечү эмеспиз, бирок батончиктерди жакшы көрчүбүз. Мен 5 жашта, эжем 8 жашта эле, конфеттер биздин боюбуз жетпегидей жерде илинип турчу. Бир күнү эжем "мен отурам, сен менин үстүмө чыгып конфетти аласың" деп калды. Канча жолу аракет кылдык, бирок жете алган жокпуз. Биз ошентип кыйналып жатсак чоң энем келип калып оюбуз ишке ашпай калган. Анан да конок келерде апам батончиктерди санап туруп дасторконго койчу. 2008-жылы Жаңы жыл майрамында "каалашыңарча жей бергиле" десе каалашыбызча батончик жеп алып ууланып калып, экинчи жебес болгонбуз".

"Апамдын сандыктары өзү кулпулагандай турчу, бирок апам биз сандыгын кантип ачып-жапканыбызды билчү эмес. Киши келсе конфеттери жок болуп калчу".

"Апамдын конфеттерин каткан жеринен таап алчумун. Өзүм эле жесем мейли, кошуналардын балдарына да берчүмүн. Бир жолу үйдө бир килограммга жакын ирис бар экен ,апам жокто кошуна балдар-кыздар менен жеп салдык. Кагаздарын эшиктин алдына ыргыта бериптирбиз, сапсары болуп жайнап калганы эсимде".

"Мен конфеттерге кызыкчу эмесмин. Мен каймак уурдап жечүмүн".

"Ооба, катылган жеринен уурдап жеп отуруп түгөтүп да салчубуз".

Талкууга кошулгуӊуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Kroxa
2016-09-12 17:22:24
Конфет союз маалында жакшы даамдуу болот эле,апабыздыкын уурдап дагы акча боло калса сатып да кенен эле жедик уйдон узулчу эмес,азыркы конфеттин мейли кымбаты болсо да ооз тийгим жок,, чоон апабыздын чаар баштыгы курут толуп илинип турса барып жеп кетет элек озу барда бир экини эле берип койчу ал жокто андып барып жер кетчубуз...
0
satarovkubacom
2016-09-12 20:48:29
Kroxa, Уурдап жеген жакчу эле, кобунчо конок келгенде алып жеп калбасан башка куну жок эле))
0
bale95
2016-09-12 22:11:41
хе хе сонун тема ачыпсынар балалык кез эске тушуп кетти.Биз да конфет дегенде эки коз торт болуп согуп жеп коёр элек.Сузмону баштыка салып суусу аксын деп илип койгондо улактай болуп эмээр элек
..эээх балалык...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан