Үрүмчү шаарындагы Синьцзян университетинде окуп жаткан кыргыз студенттери Курман айт майрамына карата Бишкектеги балдар үйүнө жардам беришти. SUPER.KG порталына активисттер кабарлашкандай,
"Светлый путь" балдар үйүндө 26 кароосуз калган бала бар.
"Алар ар кандай жардамдарга муктаж экенин жашырышкан жок. Кытайда окуган студенттер жыл сайын Курман айт майрамында акча чогултуп, чогуу белгилеп келебиз. Ушул жылы Кыргыз жериндеги балдар үйүнө жардам берели деп чечтик", - дешет активисттер.