Африканын Зимбабве мамлекетинин президенти Роберт Мугабе өзүнө эстелик тургузду. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 92 жаштагы президенттин эстелиги таштан жасалып, бийиктиги 4 метрге жетет. Эстеликти жасоого жергиликтүү скульпторлор тартылышкан. Тургузулган эстеликте президенттин көз айнек тагып, колун өйдө көтөрүп, муштумун түйүп алган элеси чагылдырылган.
Президенттин эстелигин интернеттеги социалдык тармактардан сындап, мазактагандар болгон. Ал эми Мугабе эстеликтин ачылуу аземине катышып, ага мактоого татырлык деп баа берген.