Германиялык футболчу, Германия курамасынын жана "Бавария" футболдук клубунун лидерлеринин бири Томас Мюллер 27 жашка толду. Ал 1989-жылы 13-сентябрда Германиянын Вайльхайм шаарында төрөлгөн.
Томас 4 жашында футбол дүйнөсүнө аралашып, "Пель" клубунда тарбияланган. 11 жашка чыкканда мюнхендик "Бавариянын" жаштар командасына чакырылган. 2007-жылы "Бавариянын" негизги курамына, 2010-жылы улуттук курамга чакырылган.
Ал карьерасында Чемпиондор Лигасын, Дүйнө чемпиондугун, Германия чемпиондугун жана башка бир катар мелдештерди ута алган. Германиянын курамында 70тен ашык оюн өткөрүп, 34 гол киргизген. Ал эми "Бавариянын" курамында 300дөн ашык оюн өткөрүп, 149 гол жараткан.
13-сентябрдын жылнаамасы.