14-сентябрга чейин көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондорунда жаан-чачындын катуу жаашы күтүлөт, Ысык-Көл облусунун тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
"Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат", - деп айтылат маалыматта.