Италиялык футболчу Фабио Каннаваро 43 жашка толду. Футболчу 1973-жылы 13-сентябрда Италиянын Неаполь шаарында туулган.
Ал "Наполи" футболдук клубунун академиясында тарбияланып, карьерасында италиялык "Парма", "Интер", "Ювентус" клубдарында, испаниялык "Реал" жана Бириккен Араб Эмираттарынын "Аль-Ахли" клубдарында ойногон. 2006-жылы Италиянын курамында Дүйнө чемпиону аталган. Кезинде мыкты коргоочулардын катарын толуктаган. 2006-жылы Эл аралык футбол федерациясынын версиясы боюнча "Дүйнөнүн мыкты футболчусу" аталып, "Алтын топ" сыйлыгын алган.
13-сентябрдын
жылнаамасы.