Лейлек районунун Исфана шаарында ысырапкорчулукту жоюу боюнча коомдук талкуу өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда Мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Ысырапкорчулукту жоюуга арналган иш-чарага жергиликтүү кеңештин депутаттары, Жаштар уюму, Аксакалдар соту, Аялдар кеңеши жана анын жамааты, дин кызматкерлери катышты.
"Коомдук талкуунун жүрүшүндө той-аштарда, сөөк жашыруу зыйнаттарында ашыкча чыгымга жол бербөө, ысырапкорчулукту жоюу боюнча сөз болду. Катышуучулар тарабынан сунуштар кабыл алынып, атайын жобонун долбоору даярдалды", - деп билдирди басма сөз кызматы.