Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү бүгүнкү күнгө карата 17 миллиард 213 миллион метр куб болду. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда “Улуттук электр станциялары” мамлекеттик ишканасынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, агып кирген суунун көлөмү суткасына секундасына 418 метр кубга, агып чыккан суу секундасына 202 метр кубга жетүүдө. Былтыр бул маалда Токтогул суу сактагычында 12 миллиард 700 миллион метр кубдан ашуун суу бар болчу.