Кашка-Суу айылындагы "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына алкоголдук ичимдиктер жана суусундуктар сатылып алынууда. Тиешелүү тендер мамлекеттик сатып алуулар тууралуу расмий сайтта жарыяланган.
Маалым болгондой, резиденцияга жакшы сапаттагы арак, шарап, коньяк, лимонад, минералдык суулар сатылып алынмакчы. Тендердин жалпы суммасы 148 870 сомду түзөт.