Түндүк Корея өзөктүк куралды сынаганы үчүн АКШ Түштүк Кореяга бомбалоочу учактарын жиберди

"Обама Түндүк Кореяны өзөктүк мамлекет катары таануудан баш тартууда. Бирок бул Күндөн алакан менен калкалангандай эле болбогон нерсе", - деген Түндүк Кореянын тышкы иштер министринин өкүлү. Бул тууралуу "Интерфакс" басылмасы жазып чыкты.

Эскерте кетсек, 9-сентябрда Түндүк Корея тарыхындагы эң ири бомба тесттен өткөрүлгөнүн расмий кабарлаган. Өз кезегинде АКШнын президенти Барак Обама бул жардырууну сындап, аталган өлкөгө дагы кошумча санкцияларды колдонуу керектигин айткан.

"АКШ эч качан Түндүк Кореяны өзөктүк мамлекет катары тааныбайт. Пхеньяндын провокациялык, туруксуз абалды жаратуу аракеттери бул өлкөдөгү улуттук коопсуздукту, экономиканы жакшырткан жок, тескерисинче, тургундарын ачкачылыкка калтырып, башкалардан бөлүп койду", - деген Обама.

Бул окуядан улам бүгүн, 13-сентябрда АКШ өзөктүк бомбалоочу учактарын Түштүк Кореяга жиберди. Бул тууралуу "Associated Press" агенттиги жазып чыкты. Агенттиктин кабарчысынын билдиргени боюнча, учактар Түндүк Кореянын чек арасынан 120 чакырым алыстыкта учуп өтүшкөн.

Белгилей кетсек, Түштүк Корея өзөктүк куралга ээ эмес, келишим боюнча америкалык өзөктүк калкан менен коргонуп турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
AIZAD
2016-09-13 12:45:12
АКШнын ар кайсы олкого кийлигишкени отту!
+5
Manas230595
2016-09-13 14:32:39
AIZAD,басым кылып турбаса болбойтта корея да кучту мамлекет бирок америкадай эмес америка россия менен китайдан гана коркуп турат болбосо бизге окшогон мамлекетерди давно еле басым алмак азыр аларга жер керек жерге зар ач коздор канча жери болсода тойуп олбойт орустар дагы
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан