Германиянын борбору Берлинде жайгашкан Александерплац аянтчасындагы фонтанда өзүн өлтүрөм деген Египеттен келген качкынды полиция кызматкерлери электрошокер менен токтотушту. Бул тууралуу НТВ басылмасы бүгүн, 13-сентябрда жазып чыкты.
Немис жалпыга маалымдоо каражаттарынын жазганы боюнча, качкындын бул кадамга барышына ага аталган өлкөдө качкын макамын берүү кечеңдеп жатканы түрткү болгон. Египеттик жаран фонтанга кечээ, 12-сентябрда чыгып, тамагына бөтөлкөнүн сыныгын такап, туугандары менен байланыштырууну жана ЖМК өкүлдөрү менен жолуктурууну талап кылган. Ондогон полиция кызматкерлери аны менен сүйлөшүүгө аракеттенгени менен, иш оңунан чыкпасын билген соң электрошокерди колдонушкан. Аны фонтандан өрт өчүрүүчү унаа менен түшүрүшкөн. Полиция кызматы кармалган адам электрошокерден жабыр тартпаганын, бирок аны айнек менен кесилген жарааттары үчүн ооруканага жеткиришкенин билдирген. Мындан сырткары качкынды психиатриялык экспертиза күтүп жатканы жазылат басылмада.