Быйыл ажылык сапарга Меккеге 1 миллион 862 909 адам барган. Бул тууралуу арабиялык "Аль-Арабийя" телеканалы Сауд Арабиянын Cтатистикалык башкармалыгына шилтеме берүү менен жарыялады.
Телеканалдын маалыматы боюнча, 1 миллион 325 372 зыяратчы чет элдиктер, 537 537си Сауд Арабиянын жараны. Зыяратчылардын ичинен 1 миллион 82 228и эркек болсо, калган 780 681и аялдар.
Белгилүү болгондой, быйыл ажылык сапарга Кыргыз өлкөсүнөн 3565 адам барган. Алар 16-августтан тарта жөнөй башташкан. Ажылыкка сапарга чыккандар 29-сентябрда кайтып келишет.