КМШга мүчө мамлекеттер ортосунда айыл чарба өсүмдүктөрүнүн көчөттөрүн, үрөндөрүн соода-сатыкка коюуга шарт түзүлөт

КМШга мүчө мамлекеттер ортосунда айыл чарба өсүмдүктөрүнүн көчөттөрүн, үрөндөрүн соода-сатыкка коюуга шарт түзүлөт. Бул багыттагы мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү боюнча комитети бүгүнкү жыйынында 1-окууда карады.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Турдуназир Бекбоевдин айтымында, ратификациялык мыйзам долбоору КМШга мүчө мамлекеттердин азык-түлүк коопсуздугун жогорулатуу концепциясына ылайык иштелип чыккан. Талкуунун жыйынтыгында комитет мүчөлөрү аталган мыйзам долбоорун 1-окууда колдоп беришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан