Депутат: "2015-жылы өлкөдө 3400 адам онкологиялык оорудан каза тапкан"

2015-жылы өлкөдө 3400 адам онкологиялык оорудан каза тапкан. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин 13-сентябрдагы отурумунда Улуттук онкологиялык борбордун ишин иликтөө боюнча жумушчу топтун төрайымы депутат Айсулуу Мамашева билдирди.

Анын айтымында, өлүмгө алып келген жүрөк-кан тамыр ооруларынан кийинки эле орунда онкологиялык оорулар турат. "Бул үчүн кимдир бирөө жооп бериши керек", - деп талап койду Мамашева.

Залалдуу шишик ооруларына кабылгандарды дарылай турган Улуттук онкологиялык борбордо 400 орун болсо, Ош облусунда 100 орун каралган, ал эми Жалал-Абад облусунда 30 орун, Ысык-Көлдө 10, Токмок шаарында 15 орун бар экени белгилүү болду.

Андан сырткары депутаттар Улуттук онкологиялык борбордун жетекчисин шайлоо маселеси да 9 жылдан бери созулуп келе жатканына токтолушту. Депутат Зиядин Жамалдинов шайлоодо көп добуш алган адам гана кызматка дайындалышы кажет деген пикирде.

Вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева:Нур терапиясы менен дарылоого тиешелүү болгон жабдыктарды сатып алууга деп 32 миллион сом бөлүнгөн. Эми аппаратты орнотуу иштери жүргүзүлөт. Балдардын онкологиясына да керектүү дарылар сатылып алынган. Иштер бир нукка салынып, дарыгерлердин кесиптик чеберчиликтерин жогорулатуу иштери да жанданууда”, - деп билдирди.

Жыйынтыгында Улуттук онкологиялык борбордун ишин иликтөө боюнча жумушчу топтун маалыматы эске алынып, өкмөткө бир катар тапшырмалар берилди. Ага ылайык, “Калкка онкологиялык жардам көрсөтүү жөнүндө” мыйзамдын аткарылышы камсыз кылынып, онкологиялык жана онкогемотологиялык кызматтарды каржылоо шарттары жогорулатылмакчы. Ошол эле учурда Улуттук онкологиялык борбордун жетекчисин дайындоодо жумушчу топ берген сунуштар эске алынат. Ага ылайык, 30-сентябрга чейин Улуттук онкологиялык борбордун жетекчиси дайындалышы керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан