Аргентинада 30 тонналык метеорит табылды

Аргентинада 30 тонналык метеорит табылды. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, аргентиналык изилдөөчүлөр Чако провинциясынын түштүк-батыш тарабынан метеорит табышкан. Анын салмагы 30,8 тонна чыккан. Маалыматта мындан 4 миң жыл мурда аталган аймакка метеорит жааганы тууралуу да айтылат.

Аргентиналык окумуштуулардын айтымында, Чако провинциясына түшкөн космостук объектилердин 35 пайызы гана табылган. Окумуштуулар соңку убакта табылган метеорит Жер бетиндеги эң ири метеорит болушу мүмкүн деп болжолдошууда.

Эскерте кетсек, Түштүк Африкада 1920-жылы салмагы 60 тоннаны түзгөн метеорит табылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан