19-сентябрдан тарта сандардын кооз комбинациясы менен мамлекеттик номерлер сатыкка чыгат

19-сентябрдан тарта сандардын кооз комбинациясы менен мамлекеттик номерлер сатыкка чыгат. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

"Аларга төмөнкү мамлекеттик номерлер кирет: 101, 202, 303, 404, 505, 606, 707, 808, 909, 011, 022, 033, 044, 055, 066, 077, 088, 099, 110, 220, 440, 550, 660, 770, 880, 990. Бирдей комбинациядагы тамгалары менен бул номерлердин баасы (мисалы, 101ААА, 077ААА) 5 миң сомго барабар. Ушул эле номерлер ар башка тамгалардын комбинациясы менен болсо (мисалы, 101ААВ, 077ААВ), 4500 сом болот", - деп жазылат маалыматта.

Ал эми окшош тамгалардын комбинациясы менен төмөнкү номерлер 3 миң сомдон сатылат: 121, 123, 131, 141, 151, 161, 171, 181, 191, 212, 232, 242, 252, 262, 272, 282, 292, 312, 313, 323, 343, 353, 363, 373, 383, 393, 414, 424, 434, 454, 464, 474, 484, 494, 515, 525, 535, 545, 565, 575, 585, 595, 616, 626, 636, 646, 656, 676, 686, 696, 717, 727, 737, 747, 757, 767, 787, 797, 818, 828, 838, 848, 858, 868, 878, 898, 919, 929, 939, 949, 959, 969, 979, 989. Ушул эле номерлердин баасы ар башка тамгалардын комбинациясы менен 2700 сомду түзмөкчү.

"Жогоруда жазылган номерлерге сертификаттарды Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Транспорт каражаттарын жана айдоочулар курамын каттоочу департаментинин бардык аймактык бөлүмдөрүнөн аукционго катышпастан ала аласыздар", - деп кошумчалашкан басма сөз кызматы.

Өзгөчө комбинациялуу номерлерди сатуу онлайн-аукциону тууралуу жакынкы арада жарыяланары белгилүү болду. Аталган аукцион Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылы 5-сентябрдагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кээ бир чечимдерине киргизилчү өзгөртүүлөр жана кошумчалар" №482-буйругунун негизинде жаңы эрежелер менен жүргүзүлмөкчү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
sagyn01
2016-09-13 18:15:27
Ушул номерлерди тагып журсонор МУЙУЗ чыгат
+22
nurikkg1
2016-09-14 01:09:29
sagyn01,азаматсын
+2
tinistan
2016-09-14 02:50:36
sagyn01,муйуз эта рога да)?
-3
adisum
2016-09-14 09:18:33
sagyn01, муйуз this is horn да ээ?
-2
Dadasdasd
2016-09-13 18:47:08
Крутой болосунар.
0
Shat.88
2016-09-13 19:48:01
Кээ бир адамдар ушундай майда чуйдого конул болуп, маани беришет,мейли да ага да кийлигишесинерби, жон койгула муйуз чыгарбай.айтпай койсонор силерге муйуз чыгабы.
+3
barsa30
2016-09-13 19:55:31
123 .норма
+1
Take_men
2016-09-13 21:49:29
А 777 кайда?
+3
talant87
2016-09-13 22:23:43
ушул номердида акчасына кошуп бер деп эле айтат биро заказ кылган экен деп
0
spb007kg
2016-09-14 00:01:58
Элден акча алыш учун ушул нерсени ойлоп чыгыштыбы

Жакында бут номерлерин алмаштырууну талап калышат
+2
Sagy
2016-09-14 00:01:59
Мага (01) 312 KGB, же (01) 996 KGB деген номер берсе ауктан козду жумуп которуп чыкмакмын...
Админ, KGB серия чыгат бекен билип бергилечи.
+2
L_Messi
2016-09-15 11:45:04
Sagy, Ал номер чыгыш учун, сен дагы уч машина алмаштырасын
+1
nurikkg1
2016-09-14 01:10:59
тушунбодум зачем кереги бар алмаштырып менин озум номерим жакшы B9919AI
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан