Жыл башынан бери ишкерлерге 3 миллиард сомдон ашуун насыя берилген

Жыл башынан бери ишкерлерге 3 миллиард сомдон ашуун насыя берилген. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда Каржы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, айыл чарба багытын колдоо жана каржылоо максатында өлкөдө 10 013 ишкерге насыя берилген. Ал эми жалпы ишкерлерге берилген каражат 3 миллиард 634 миллион сомду түзөт.

"Айыл чарбаны каржылоо долбоорунун алкагында жеңилдетилген насыя каражаттарын берүү менен айыл чарба тармагында кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү, айыл чарба азыктарын кайра иштетүү, мал чарбачылыгын жандандырууну колго алуу, ошондой эле мамлекеттик колдоо көрсөтүү негизги максат болуп саналат", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан