Кечээ, 13-сентябрда Бишкек-Ош унаа жолунун 377-чакырымында Тойота Эстима (01 749 ААК) унаасы менен жүк ташуучу Хово (В 9535 АI) унаасы кагылышкан. Мунун кесепетинен 5 адам каза болуп, 7 адам түрдүү жаракаттарды алган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, алардын айрымдарынын өздүгү аныкталды. Тойота Эстима унаасында 12 адам болгон, жол кырсыгынан 3 чоң киши жана 2 жаш бала каза тапкан. Хово унаасындагы 2 адам эч кандай жаракат алган эмес.
Каза болгон 5 жаран:
1. Атабек кызы Айгерим, жүргүнчү (Алай районунун Күнгөй айылынын тургуну, 2000-жылы туулган);
2. 3 айлык наристе (өздүгү тактала элек);
3. 25-30 жаштардагы аял (жүргүнчү, өздүгү тактала элек);
4. 6-7 жаштагы бала (жүргүнчү, өздүгү тактала элек);
5. Эркин Кыпчакбаев, жүргүнчү (Ош облусунун Кара-Суу райондук ИИБинин аймактык тескөөчүсү, милициянын капитаны).
Кара-Көл шаардык ооруканасына жеткирилген 7 жаран:
1. Кошоев Каныбек Тыныбекович (Тойота Эстиманын айдоочусу, Алай районуна караштуу Арпа-Тектир айылынын тургуну, 1989-жылы туулган);
2. Бахриева Жайнагүл Махмуджановна (айдоочунун жубайы, Араван районуна караштуу Төбө-Коргон айылынын тургуну, 1990-жылы туулган);
3. Тыныбеков Алинур Каныбекович (айдоочунун уулу, 2013-жылы туулган);
4. Тыныбекова Назерке Каныбековна (айдоочунун кызы, 2015-жылы туулган);
5. Эсенов Алихан Эркинбекович (жүргүнчү, Ош шаарынын тургуну, 2006-жылы туулган);
6. Эсенов Абдысамат Эркинбекович (жүргүнчү, Ош шаарынын тургуну, 2013-жылы туулган);
7. Касымов Семетей Ормонбекович (жүргүнчү, Ош шаарынын Кара-Суу районуна караштуу Совхоз айылынын тургуну, 1978-жылы туулган).
Шаардык оорукананын кызматкерлери жаракат алган жарандарды кабыл алып, биринчи тез жардам көрсөтүлүп, дарыгерлердин көзөмөлүнө алынды.
Оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу - Бишкек шаарынын Бакай-Ата жаңы конушунун тургуну, 1985-жылы туулган Нусупов Мирлан Жуматаевич жараат алган эмес.