Ала-Бука районунда Ажек-Совет-Сай лотогу курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу бүгүн, 14-сентябрда SUPER.KG порталына 1-Май айыл аймагынын башчысы Муктар Шербаев билдирди.
Ажек-Совет-Сай лотогун куруу өнүгүү долбоорунун алкагында эл аралык уюмдар менен ишке ашырылган.
"Айылда кайрак жерди сугат жерге айлантуу максатында атайын долбоор менен иш жүргүздүк. Долбоорду ишке ашырууга 1,3 миллион сомдон ашуун каражат тартылган. Бул каражат менен лотоктор жаңыланып, пайдаланууга берилди. Селден улам пайда болгон сайдан асма түтүк аркылуу суу өткөрдүк. Эми бул лоток менен 150 гектардан ашуун жер сугат суу менен камсыз болот", - деп билдирди Шербаев.
Маалыматка ылайык, жерди суу менен камсыздоого жергиликтүү жамааттык уюмдардан 80 миң сом, 1-Май айыл өкмөтүнүн казынасынан 492 миң сом кошумча каражат жумшалган.