Балыкчыдагы "Эдельвейс" аскер полигонунун аймагына Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин аскердик контингенттери келе баштады. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын басма сөз кызматы билдирди.
Эскерте кетсек, 2016-жылдын 15-сентябрынан 21-сентябрына чейин "Эдельвейс" аскер полигонунда биргелешкен аскердик террорго каршы "Тынчтык миссиясы-2016" командалык-штабдык машыгуусу болот.
Үстүбүздөгү жылдын 10-14-сентябрларында ШКУга мүчө мамлекеттердин аскердик контингенттеринин келүүсү пландалган. 10-сентябрда Орусия аскердик контингентинин негизги бөлүгү келген. Бул контингенттин аскерлеринин экинчи бөлүгү бүгүн, 14-сентябрда келери күтүлүүдө.
"13-сентябрда Кытай Элдик Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик контингенти курамындагы 50 аскер техникасы жана 300гө чейинки аскер кызматчысы менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өтүп, Балыкчы шаарына келди. Тажикстандын аскердик контингенти 13-сентябрь күнү кечке чейин Балыкчы шаарына келери пландалган", - деп айтылат маалыматта.
Ал эми Казакстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик контингенти Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан 14-сентябрда өтөт жана ошол эле күнү түшкө чейин машыгуу уюштурулуучу жерде болушары маалым.