Мындан 33 жыл мурун, 1983-жылы 14-сентябрда англиялык ырчы, музыканын R&B, соул, жаз жанрларында ырдаган Эми Уайнхаус Лондондо төрөлгөн. Ырчынын экинчи "Back to Black" аталыштагы альбому 6 "Грэмми" сыйлыгына татып, Эми Уайнхаус "Гиннесстин рекорддор китебине" эң көп "Грэмми" сыйлыгын алган биринчи жана жалгыз англиялык ырчы катары киргизилген.
2011-жылы 23-июлда ырчы Эми Уайнхаустун жансыз денеси Лондондогу үйүнөн табылган. 27 жаштагы Эми Уайнхаус алкоголдук ичимдикке ууланып каза тапканы айтылган.
- Эми Уайнхаус 9 жашында театралдык мектепте окуп жүрүп алгачкы рэп-тобун түзгөн.
- Эми өзүнүн ырларын 14 жашында жаза баштаган. Анда анын тобу "Bolsha Band" деп аталчу.
- Бир канча убакыт Эми Уайнхаус "World Entertainment News Network" басылмасынын шоу-бизнес бөлүмүндө кабарчы болуп иштеген.
- 2008-жылы "Grammy Awards" боюнча Эми "Мыкты артист" деп табылып, "Rehab" аталышындагы ыры "Жылдын мыкты ыры" болгондо, АКШ элчилиги ага виза бербей коюп, кечеге катыша албай калган.
- Ырчы Брайан Адамс 2008-жылы Эмиге арнап "Flower Grown Wild" ырын чыгарган. Ырды Эмиге баңгизат менен күрөшүү жардамы катары жазган.
14-сентябрдын жылнаамасы.