"Казакстанга өтөрдө "жумуш издейм" деп максатын так көрсөтүшсө, бир топ жеңилдиктер болот" дейт укук коргоочу

Каттоого турган эмгек мигранттарынын балдары Казакстандагы мектептерде билим ала алышат. Бул тууралуу "Эл аралык укуктук демилге" фондунун президенти, укук коргоочу Айна Шорманбаева бүгүн, 14-сентябрда өткөн маалымат жыйында билдирди.

"Орусиядагы кризиске байланыштуу Казакстанга келип иштеген мигранттардын саны өсүүдө. Акыркы мезгилде 12 пайызга өскөн. Көбүнчө Өзбекстан, Кыргыз Республикасынан, Тажикстандан иштегени келишет. Эмгек мигранттарынын саны өскөнүнө жараша ошончо кыйынчылыктар, көйгөйлөр жаралып жатат. Мигранттар алгач эле медициналык кызмат көрсөтүүдө көйгөйлөргө кабылышат, себеби аталган өлкөдө чет элдик жарандарга зарыл учурда гана биринчи жардам көрсөтүлүшү мүмкүн", - дейт А.Шорманбаева.

Евразиялык экономикалык биримдикке кирген өлкөлөр үчүн бир топ жеңилдиктер каралган. Бирок мигранттардын өз укуктарын билбегени бир топ көйгөйлөрдүн, сексуалдык, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктун пайда болушуна алып келерин айтат Шорманбаева.

"Казакстандын чек арасынан өтөрдө "жумуш издейм" деп өлкөгө келгендеги максатын так көрсөтүшсө, бир топ жеңилдиктер болот. Алсак, каттоого турган эмгек мигранттарынын балдары мектепке бара алышат. Тилекке каршы, көпчүлүгү чек арадан өтөрүндө "жеке иштерим менен келдим" деп жатышат. Ар бир адамдын тандоо мүмкүнчүлүгү бар. Жумушка кирген соң эмгек келишимин түзүшү зарыл. Келишим болбосо, ден соолугуна зыян келтирсе же дагы бир кырсыкка учураса укуктук жардамдар берилбеши мүмкүн. Мен жеке тажрыйбамдан улам билем, көптөгөн адамдар өзү иштеп жүргөн өлкөдөгү мыйзамдарды, укуктарын толук билбей түрдүү көйгөйлөргө кабылышат", - деп кошумчалады Шорманбаева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Beki092
2016-09-14 16:10:39
Жумуш издегени десен Казак чек арасында балага каласын кандай жумуш ким менен иштейсин деп баш оору ошого кобу гости деп жазат силер Кыргызстанда туруп айта бересинер бул жакта силер айткандай болбойт

Жанагы кагазы 5 кун эмес 3 ай болот деген кана ошо 3 ай
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан