Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана парламент регламенти боюнча комитетинин төрагасы эртең шайланат. Тиешелүү чечим бүгүн, 14-сентябрда кабыл алынды. Буга чейин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев аталган комитеттин төрагасын шайлоону бүгүн өткөрүүнү суранган эле.
Айта кетсек, аталган кызматка коалициялык көпчүлүккө кирген эки фракция талапкерлерди койду. "Өнүгүү-Прогресстин" атынан депутат Тынчтык Шайназаров сунушталса, КСДПнын атынан депутат Асел Кодуранова көрсөтүлүүдө.