Аэропорттун директору: "Ош" аба майданында учак техникалык кароодон улам учпай калган"

Бүгүн, 14-сентябрда "Ош" аба майданында учак техникалык кароодон улам учпай калган. Бул тууралуу SUPER.KG порталына 14-сентябрда "Ош" аэропортунун башкы директору Талант Исаков билдирди.

"Аэропорттун адистери менен биргеликте ай сайын учактарды техникалык кароодон өткөрүп турабыз. Техникалык себептерден улам учак учпай калды. Эч кандай кооптоно турган жагдай жаралган жок. Техникалык талапка жооп бербеген учак "Air Маnas" компаниясына таандык болгон", - деп билдирди Исаков.

Маалыматка ылайык, жүргүнчүлөр 2 сааттан кийин башка учак менен учуп кетишкен. Учпай кармалып калган учак Ош-Бишкек каттамы боюнча уча турган ички каттам болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Abdurahman
2016-09-14 16:40:15
Эми ушуну деле саясаттырыштын не кереги бар. Муну техника дейт кээде болуп турат. Биз эле эмес онуккон олколордо деле кээде болуп турат. Кундо боло берсе айтса болот. Анча мынча чыдап койсок эчнерсе болбойт. Кам коруп башка менен учуруптур го. Негизгиси аман эсен жетиптир ошого суйунуш керек.
0
Grand
2016-09-14 19:03:28
Т.Исаков ар кимден 5000 доллар алып жумушка албай, самолетторду ошол авиа компанияларга талап койбойспу, карагыла деп.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан