Референдум өткөрүү 4-декабрга белгиленгени айтылууда

Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум 4-декабрда өтө тургандыгын "ResPublica" басылмасы жазып чыкты. Аталган басылмага референдум өткөрүү демилгеси угузулган күндөн тарта 43 күндүн хронологиясы жазылган документ келип түшкөн.

Маселен, хронологияда бүгүн, 14-сентябрда Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча иштелип чыккан долбоорго добуш берүү үчүн Жогорку Кеңештин депутаттарын каттоо жүргүзүлмөк. Ошондой эле, документте белгилүү болгондой, 16-сентябрда мыйзам долбоорун Конституциялык палатага жөнөтүп, 17-октябрда жооп келип калышы керек экендиги пландалган. Мына ушул Конституциялык палата мыйзам долбоорун карап бүтчү бир айдын ичинде парламенттегилер 3 окуу өткөрүп жетишери жазылган. 27-октябрда долбоорду өлкө башчысы карап чыгып, кол коюусу жана 4-декабрда Баш мыйзамды өзгөртүү үчүн референдум өтөрү белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан