Өкмөт өкүлдөрү II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына унаа менен, ал эми депутаттар автобус менен барганына КСДПчы депутат Кожобек Рыспаев нааразы. Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында ал бул тууралуу төмөнкүнү айтты: "Бизди жөн эле автобустарга отургузуп оюндарга алып кетишти. Ошол эле учурда чиновниктер бизди шылдыңдап, жеке унаалары менен баратышты. Эгер эрежелерди киргизсек, алар баарына бирдей болушу керек".
Эскерте кетсек, Кожобек Рыспаевдин демилгеси менен Жогорку Кеңеш 12-сентябрга чейин пленардык жыйындарын өткөрбөй турган болгон.