Такталбаган маалыматтарга караганда, Москвада шайлоого карата 1 миллион мигрант депортацияланышы мүмкүн. Орусиянын Москва шаарында иштеп, жашап жүргөн активисттердин бири Жылдыз Осмонова бул маалыматтын тактыгы тууралуу эч нерсе билбей турганын, бирок базарларда 15 мүнөттүн ичинде 20 адамды соттоп жатканын айтты. Ошондой эле ал депортацияланган мекендештерди соттун чечимине даттануу арызы менен шаардык сотко кайрылууга чакырды.
Жылдыз Осмонованын айтымында, арыз жазуу үчүн төмөндөгүдөй документтер керек:
“Андан соң жакынкы почтага барып жогорудагы документтерди конвертке салып жөнөтөсүз. Конверттин сыртына Москва шаардык сотунун дарегин жазасыз (Индекс: 107996, Богородский вал д. 8). Анан почта кызматкери сизге катты алганы тууралуу талон берет. Ал сизге маанилүү документ болуп эсептелет. Соттун чечими эки айдын аралыгында чыгат. Ага чейин полиция токтотуп “сиз мыйзамды бузуп жатасыз, депортация болушуңуз керек болчу” десе, почтадан алган талонду көрсөтүңүз. Сотко арыз жазуунун мисалын (частная жалоба) boordoshtor@gmail.com дарегине жазып, ошол жактан билсеңиздер болот”, - дейт Осмонова.
Айта кетсек, 2016-жылдын 18-сентябрында Орусиянын Мамлекеттик Думасына депутаттарды шайлоо өтөт.