Текебаев, Өмүркулов, Исаев жана Төрөбаев жабык эшик артында жыйынга чогулушту

Бүгүн, 14-сентябрда Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүккө кирген 4 фракциянын лидерлери Бакыт Төрөбаев ("Өнүгүү-Прогресс"), Канат Исаев ("Кыргызстан"), Иса Өмүркулов (КСДП) жана Өмүрбек Текебаев ("Ата Мекен") жыйынга чогулушту. Жыйын Ак үйдүн 7-кабатында, Иса Өмүркуловдун кабинетинде жабык эшик артында өтүп жатат. Соңунда алар журналисттерге билдирүү жасашмакчы. Буга чейин жалпы жыйында "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев сүйлөшүү жолу менен коалиция бир чечимде болушу зарыл экендигин айткан.

Эскерте кетсек, КСДП "Өнүгүү-Прогресс" менен Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана парламент регламенти боюнча комитетинин төрагасы кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү боюнча бир чечимге келе албай жатышкандыктан, ал эми "Ата Мекен" менен Конституцияны өзгөртүү боюнча карама-каршы позицияда болгондуктан, Өмүркулов "Өнүгүү-Прогресс" жана "Ата Мекенге" коалициялык көпчүлүктөн чыгууну сунуштаган. Бирок "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаев коалициядан КСДП өзү чыгуусу керектигин айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан