СУПЕРСТАН: "Турмушка чыкпай калганына кыздар өздөрү күнөөлүүбү?"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Турмушка чыкпаганы үчүн эмнеге кыздар өздөрү күнөөлүү болуп калышат?" деген тема талкууга алынууда.

Темага калтырылган билдирүүлөр:

"Мен турмушка чыкпаган кыздар эмнеге өздөрү күнөөлүү боло беришет деп ойлоп калдым. Алсак, эң жакын курбу кызым турмушка чыга электе ата-энеси, туугандары "кары кыз болуп баратканыңа өзүң күнөөлүүсүң" дешкен. Мага да "жүрө берсең кары кыз болуп өтөсүң" деп айтышат. Мен деле башка кыздар сыяктуу кыялданам, турмушка чыксам, наристелүү болсом деп. Бирок мага жаккан же мени сүйүп-кадырлаган адамды жолуктура элек болсом, кантип турмушка чыгам деп ойлоно берчү болдум".

"Талаптарды азайтыш керек. Корей сериалдарынан кийин жигиттер "мырк" көрүнүп жаткан чыгар".

"Жомоктогу ханзааданы күтпөй, жакшы жигит чыкса, турмуш куруп алыш керек. Кийин сүйүп каласыз".

"Отурган кыз орун табат, тапканда да зорун табат" дейт го. Сен 24кө баратам дейсиң, а мен 25ке толдум. Мага деле айта беришип чарчашты окшойт. Бирок "жашым өтүп баратат, эр деген ушул экен" деп эле сүйбөгөн бирөөнүн колун кармап кетүү кыйын. Сабыр кылуу керек. Ар бирибиздин бешенебизге жазганы бар. Мен деле жүрөм күтүп".

"Нике буйруган күнү тиесиз да, эрте тийгендерди деле көрүп жүрөбүз. Эрге жетсе да, этеги жерге жетпей, эрдин санын көбөйтүп, ага кошо күнөөсүз наристелердин санын көбөйтүп жүрүшпөйбү, ажыраштым деп. Эч кандай күнөөңүз жок, Кудайдын буйругусуз кумурсканын да буту сынбайт экен. Кудайдын буйругун гана күтүңүз".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
aziziko
2016-09-14 18:44:58
Эрте куйоого тийип жыргадым деген кызды коро элекмин .
+14
Rifle_S
2016-09-14 19:12:26
Мен көөп көрөм. 95-96- жылы туулган кыздар 2-син төрөдүм же 3-сүн төрөдүм деп келишет.
0
yakutiya-Mirnyi
2016-09-14 19:40:24
aziziko,беш кол тен эмес.кеч тийип жыргадым дегендер деле аз болсо керек,бар конечно эрте тийип жапжакшынакай жашагандар.
+9
Manas230595
2016-09-14 23:32:08
aziziko,бул сыночу дуйнодо эчким жыргап жашабайт аланын берген баарына шугур кылып жашо керек эсли ажырашып кеткен болсон ал пешененде бар болот ким еле айтын жыргап жашап атам деп сен айтасынбы жыргап жашап атам деп бактылуу жашагандар коп жакшылап козду чоон ачып карасанар
0
take220281
2016-09-14 19:29:11
Референдумга даярдыктар кандай туугандар? 4-декабрга белгилениптир го.
-7
Rifle_S
2016-09-14 21:20:16
Каршымын деп добуш берем. Же барбайм. Учурдун талабына карайм.
Тема боюнча беш кол тең эмес. Мен билген учурлар кыз көп жигитти теңсинбей койгон учурлар, түз жүрбөй ар ким эместишип койгондор турмушка чыкпай калган. Жумушта жакшы кыздар бар, сыртынан аябай акылдуу, бирок турмушка чыккан эмес. Мүмкүн окуйм деп жүрүп, жеке жашоо калып кеткендир.
+4
jalalabad93
2016-09-15 03:57:45
take220281,о чем вы?
-1
Rifle_S
2016-09-15 10:20:11
О чем я ? Кыргызча жазылып турат, кыргызча окуп көрчү балким түшүнүп каласың.
0
rahatov
2016-09-14 19:49:59
сут айран сут
-5
Jonathan88
2016-09-14 19:58:06
Ххаа хха айраан суут молокоо
-2
zheko
2016-09-14 20:08:35
Менин убагында эч кимди тоготпой кыз бойдон калып кеткен кайын эжем бар, жашы 50 ашып калган, 20-25 жашында эч кимди жактырбай, 30 откондо эч кимге кереги жок болуп калган дешет.
+8
SeN_Sulusun
2016-09-14 20:47:38
менин англискийден берген эжекм 38 чыгып турмушка чыкты бир чалга убагында белый принц куткон экен эле идеальный балага тийем деп кобун тоготпой койгон экен эле
+6
jamakeev2015
2016-09-14 21:13:05
Мен точнасын айтайынбы кыз тоготпой койгону ал озуно озу кылып алганы ошо,чын чынына келгенде эркек кызга жагалдангызы келбейт, ошон учун кыздар тойтойуп тоготпой койбой байкап корушунор керек, кыргызда жакшы соз бар.Катын жолдо, бала белде деп койот эркек либой кызга кете берет тоготпой койсо эркек эч качан артынан чуркабайт
+3
Nurkyz1977
2016-09-14 21:21:51
Менин да 30га чыккан кайын синдим бар эч кимди жактырбай журуп ушул убака келди. Эми деле чыгат бирок таптакыр эле болбойт. Ушул убака чейин бир да бала менен суйлошкон жок ак так отобу дуйнодон билбейм.
+1
Palan4a
2016-09-14 22:56:27
Nurkyz1977,капа болбонузго?
Бирок сизди жадаткандай суйлопсуз))
+3
Nurkyz1977
2016-09-15 11:20:59
Palan4a,оюу жаман онолбойт дегендей болупсун, эмне тескери тушуносунор он суйлобой
+1
Sajakat14
2016-09-15 00:41:27
Nurkyz1977,Кайынсиңдиңиз жөнүндө жакшы ойлосоңор, анын жашоосу туура нукка түшөөрүнө өздөрүңөр ниеттенсеңер Жараткан анын дагы бактысына жазат жазчууну. Ак өтөт анан так өтөт анан карадалы деген сөздөрдү ал кызга көп колдонсоңор ошондой эле болуп калат. Бир үй бүлө болгондон кийин биздин бүлөнүн ар бир мүчөсүнө сүйлөгөн сөзүбуз, жада калса оюбуз ишке ашып кетет. Мысли материальны. Ойноп сүйлөсөң дагы ойлоп сүйлө деп айтышатго.Анан сын тагуу дагы жаман иш. Өсүп келе жаткан кызыңарды ойлогулада.
+1
Nurkyz1977
2016-09-15 10:51:51
Sajakat14,силерге караганда мен коп ойлоном ал жонундо куйбос катындын куйуту кучтуу болбогулачы мен болгону ушул убака чейин бир да бала менен суйлошпогонун айттым кичине жигит менен суйлошуп бирин бири жактыруу сезими болсо турмушка чыгат беле деген умут. Биз да ошонун жашоосун ойлонгонубуздан конулуно жакпаган бироого кыстап бергибиз келбейт,коп эле жерден чыкты бирок озу эч болбойт,мен женеси катары бироого качырып жибериш колдон келет бирок андайга баргым келбейт озу тандаганга барсын деп.
0
Manas230595
2016-09-15 02:14:58
jamakeev2015,тура айтасын кошулам созуно бала суйсо алат кыз суйсо калат дегендей кыздар канчалык сулу болбосун кичине ыйманы менен болсо баары сулулука кызыкат бирок сулулук ыймандан кийинкиде турат ыйманын болсо аллах сени озуно окшогон адамга жолуктурат
+1
lolo.1
2016-09-15 01:22:22
Жакпаса кантип тийесин кантип жанында жатасын.суйлошуп кете албасан жылдызынар келишпесе кыйында.анан эле билип билбей тоготпой койду антип койду мынтип койду дей беришет.качан озуно жагып турмуш курбасан азыр кыйын.мен турмушка чыга элекмин 26дамын.мени жакшы коргон мен жакшы коргон жигитке жолуккам.буюрса биз куткон кундорго аз калды.ошо кундорду коруш бизге насип этсин жеп тилеп жургон убагыбыз
+7
janarht98
2016-09-16 03:04:18
Менин келечекке койгон планым боюнча.25 жашка толуп,өз үйүм жаңы үлгүдөгү авто унам жана жакшы маяналу жумушум болмойунча.Турмушка чыкпаймын! Бирок кечээ Туулган күнүм болду.30жашка толдум алдыга койгон планымдын 25% пайызы аткарылганына 5жыл болду.
0
Magusi
2016-09-17 21:22:14
Ар Ким мандайга жазганын коротда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан