Жогорку Кеңештеги коалициялык көпчүлүктүн лидери болуп Канат Исаев шайланды. Мындай чечим коалициялык көпчүлүккө кирген фракция лидерлеринин жабык эшик артында өткөн жыйында кабыл алынганын журналисттерге "Өнүгүү-Прогресстин" лидери Бакыт Төрөбаев билдирди.
"Күн тартибинде комитеттин төрагасы, коалициялык көпчүлүктүн ишмердүүлүгү жана анын лидери тууралуу сүйлөшүү жүргүздүк. Лидер болуп Канат Исаев шайланды. Ал эми Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана парламент регламенти боюнча комитетинин төрагасынын кызмат ордуна КСДП өзүнүн талапкерин, "Өнүгүү-Прогресс" өзүнүн талапкерин сунуштамай болду", - деди Төрөбаев.