Бишкекте баш аламан соода кылгандардын күркөлөрү алынып, ээлери айыпка тартылды

Бишкек шаарынын Ленин районунда баш аламан соода кылгандардын күркөлөрү алынып, ээлери айыпка тартылды. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, борбор калаанын көчөлөрүн жана базардагы баш аламан соода жүгүртүүнү иретке келтирүү максатында Ленин райондук администрациясы жана РИИБинин кызматкерлери менен биргеликте атайын рейд жүргүзүлгөн.

"Бишкек шаарындагы "Ош базары" жана "Баткен" базарындагы уруксат кагазы жок, мыйзамсыз иштеп жаткан соодагерлер үчүн атайын рейд жүргүздүк. Жыйынтыгында 6 соодагерге административдик протоколдор толтурулуп, Чүй кең көчөсүндө уруксат кагазы жок иштеп жаткан 3 күркө алынып салынды", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Айта кетсек, Ленин районунда жыл башынан бери 130 мыйзамсыз иштеген күркө алынган. Мындан сырткары салык төлөбөй иш жүргүзүп жаткандарга чаралар көрүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
shankol88
2016-09-15 09:52:10
Биринчиден мамлекет шарт тузуп бериш керек,андан кийин алыш керек акчасын бергендер жон еле журушот,элге бирдей мамле кылыш керек.
+2
Bema50000
2016-09-15 11:01:55
shankol88,кыйратпасан
-1
maks94.kb
2016-09-15 09:53:19
Баякы эле карапайым кадкты кыйноо чоңдорго кучтору жетбей т да байкуш креслодо олтургандар
+5
salimbek87.kg
2016-09-15 09:58:23
Акча бергендер жайында калып акча бербей койгондорду алып салыптырда э .Рейд болгондо чонтогуно кичине акча кыстарганда калат эле.
+5
kursantvs
2016-09-15 10:18:25
2-суроттогудой окуяны Ош базарда дайыма кором.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан