Аскар Акаев: “Каримов түзгөн саясий систем менен Өзбекстан дагы 5-10 жыл туруктуу жашай алат”

Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримов түзгөн саясий систем менен өлкө дагы 5-10 жыл туруктуу жашай алат. Мындай пикирин Кыргыз өлкөсүнүн мурунку президенти Аскар Акаев “Риа Новости” агенттигине билдирди.

Анын ою боюнча, Каримов туруктуу саясий систем түзүү үчүн эки маанилүү иш жасаган. “Биринчиден, ал бийликти популисттерден тазалап чыккан, анткени өткөөл мезгилде эң негизги душмандар – булар популисттер. Каримов кадрларды тандоодо Сталиндин ыкмасын колдонгон. Бийликтин түзүмдөрүндө пайдалуу аткаруучулар иштейт. Аларга карьера жасоо же президенттин мураскери болуу оюна да келбейт. Учурда өлкө башчылыгында Каримов өзү тарбиялаган премьер-министр отурат. Анын башкаруу стили Каримовдукуна окшош”, - дейт Акаев.

“Экинчиден, Каримов оор кландар системин жөнгө салып, өзү калыс болгон. Өзбекстанда ташкенттик, самарканддык, андижандык, жызактык, бухаралык кландар бар. Каримов шахматтын гроссмейстери сыяктуу кландарды компромисске жеткирген. Ошондуктан бийлик дагы бир-эки президенттик мөөнөттүн ичинде туруктуу иштейт, анткени бардык кландарга туруктуулук керек”, - деген пикирде мурунку президент.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан